Энесине эч кимди жолотпой, чаңырып кууган пилдин баласы. Ич жылыткан видео

Пилдин чоңоюп калган баласы үнүн ачуу чыгарып, бир нече кишини токой аралата кубалап, андан соң кайра кайтып келип, энесинин жанында айланчыктап жүргөн видео интернет айдыңына тарады.
Sputnik
Бул кадрлар Таиланддагы Кхао Анг Ауанай жаратылыш коругунда тартылган. Ал жерге барган улуттук парктын кызматкерлери дароо эле жаныбарга медициналык жардам бере алган эмес. Адамдардын жакшы ниет менен келгенин түшүнбөгөн кичинекей пил адамдарды тызылдата кубалаган.
Кишилер кичинекей жаныбардын кылыгына маашырланып, каткырып, алыстан бир топ убакытка чейин акмалап турушканы кадрга түшүп калган.
Баласын коргоп арстанды айланта, кабыланды каардана кууган буйволдун видеосу
Болжол менен үч жаштагы пил энесинин жанына эч кимди жолотпой, коргоп туруп алган. Видеодон баласы жерде жаткан эне пилди айланчыктап, чоочун адамдарды жанына жакындатпай жаткандыгын көрүүгө болот.
Кызматкерлер кол кабыш кылууга армия кызматкерлерин чакыртууга аргасыз болушкан. Пилдин баласын суу менен коркутууга аракет кылышкан, бирок ал моюн берген эмес. Айласы кеткен ветеринарлар ага дары берип, уктатып, энесин дарылоого өтүшкөн. Алгачкы жардам көрсөтүлүп, тамчылатма дары куюлган.
Маалыматта учурда ноокастаган пил ветеринардын кароосунда атайын жайда экени, ал эми каарман баласы атайын тордо, коопсуз жерде багылып жатканы айтылган.