Кыргызстанда баа өсүп жатат. ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө абал кандай

Февраль айында эң жогорку баа Беларуста, төмөнкүсү Казакстанда катталды. Негизинен азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы өсүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттерде баалар жана тарифтер жогорулап жатат. Алардын арасынан эң жогорку көрсөткүч Беларуста катталууда. Бул тууралуу КРдин Улуттук статистика комитети кабарлады.
Аталган өлкөдө үстүбүздөгү жылдын февралында мурунку айга салыштырмалуу керектөө баалары жана тарифтер 1,9 пайызга жогорулады.
Марипов: мамлекет акча бөлдү, жакында кант менен май арзандашы керек
Башка мамлекеттерге бир ай ичиндеги кымбаттоолор тууралуу айта турган болсок (январдан февралга чейин), Арменияда бул көрсөткүч 0,6 пайызга жетти. Кыргызстанда — 1,1 пайыз, Казакстанда — 0,8 пайыз. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Казакстанда, коңшуларга бир ай ичиндеги кымбаттоо 0,7 пайызды түздү.
Ал эми 2020-жылдын декабрь айына салыштырсак, баалар жана тарифтердин эң көп өсүшү (4,9 пайызга) катталган. Мында азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларга баа 2,7 пайызга көтөрүлдү. Анткен менен кызмат көрсөтүүлөргө баа ошол эле Беларуста көбүрөөк (3,7 пайызга) жогорулады.