Учурда мунай продукцияларына болгон баа жогорулаганына карабай, дыйкандарды күйүүчү май менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабайт. Бул тууралуу Нурлан Кожогулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фермерлер чогулуп алып май куюучу базалардан сатып ала турган болсо 2-2,5 сомго чейин арзан ала алышат.
"Күйүүчү майдын наркы жума сайын кымбаттоодо. Бирок аны менен дыйкандардын камсыз болушу токтоп калбайт. Айдап, себүү иштерине тоскоолдук жаралбашы үчүн, күйүүчү майды жеткирүүдө быйылкы жылга карата түзүлгөн келишимде бул маселе каралган. Биз фермерлерди чогулуп алып мунай продукцияларын алууга үндөп жатабыз. Анткени мындай учурда түз базанын өзүнөн, дүңүнөн 2-2,5 сомго чейин арзаныраак сатып алуу мүмкүнчүлүгү жаралат", — деди Кожогулов.
Ал ошондой эле быйыл дыйкандарга 5 миллиард сом жеңилдетилген насыя берилерин кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз