Базар-Коргондон ок-дары, граната катылган жерди табышты. Сүрөт

Курал-жарактарды уюшулган кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттерин алдын алуу максатында өткөрүлгөн иштердин алкагында табышкан. Шектүүлөр изделип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда ок-дары жана граната катылган жер табылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти. 
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда ок-дарылар жана граната катылган жер табылган
Курал-жарактарды уюшулган кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттерин алдын алуу максатында өткөрүлгөн иштердин алкагында табышкан.
"Катылган жерден Ф-1 үлгүсүндөгү граната, аңчылык кылуучу эки мылтык, ар кыл калибрдеги 40 ок жана бычак чыкты", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Бул фактыдан кийин Жазык кодексинин 253-беренесинин ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") негизинде иш козголуп, учурда шектүүлөр изделүүдө.