АКШ Атлантикадагы россиялык кемелерден чочуп... НАТОнун кезектеги кадамы

АКШ жана анын НАТО боюнча союздаштары россиялык флоттун Атлантика океанындагы активдүүлүгүнөн чочуп кетишти. Батыштык аскерий аткаминерлер Россиянын Аскер деңиз күчтөрү аймактагы коопсуздукка коркунуч келтирип жатат деген шылтоону айтууда.
Sputnik
Пентагондо россиялык деңиз алдында жүрүүчү кемелердин "АКШнын жээктеринде улам-улам пайда болгондугуна" түйшөлүп жатышат. Россиянын аскер деңиз флоту жакындан тарта пайдалана баштай турган гипер үндүү "Циркон" канаттуу ракетасы алардын түн уйкусун бузуп жаткан чак.
Кара деңизде дагы бир америкалык эсминец "жок кылынды": мындан ары эмне болот?
АКШ жана НАТОнун аскер жетекчилеринин башына келген идея – блокада. Бирок бул чечим согуш жарыялоого тете.