Бишкек — Ош унаа жолундагы кырсыктан эки киши каза таап, бешөө жаракат алды

Токтогул районунун аймагында Тоyota Windom жана Toyota Previa үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Ал жакка барган куткаруучулар каза болгондордун сөөгүн укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп берген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан эки адам каза болуп, беш киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Бишкек — Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан эки адам каза болуп, беш киши жабыркады
Бишкек: таксиде бара жаткан жүргүнчү кырсык болгон жерде көз жумган. Видео
Кырсыктын кесепетинен 73 жана 33 жаштагы эки эркек киши каза болгон. Мындан башка дагы беш адам (үч эркек, эки аял) ар кандай жаракат алып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.
Каргаша болгон жерге барган ӨКМдин куткаруучулары көз жумгандардын сөөгүн укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп берген.