Daily Mail басылмасы окуянын Австралияда болгондугун жазды.
Эки киши Кокос аралдарынын жээгиндеги суудан альбула балыгын кармап жүргөн. Кадрдан тизеден келген сууну кечип турган балыкчыны көздөй кичирээк акуланын тездик менен сүзүп келе жаткандыгын көрүүгө болот.
"Акулалар биздин кайырмакка илингендерди жеп алып жатышкан. Жырткыч альбуланы Жошанын (балыкчынын бири – ред.) алдына жеткенче кууп барды. Жоша качып кетпей, акула бутуна урунду да, айланып кетти", — деп айтып берген окуяны видеого тартып алган жолдошу.
Жоша кармап турган кайырмагы менен жаалданган жырткычты чапкылап, качууга аракет кылып, ал эми жолдошу "чык, алдагы жерден чык" деп кыйкырганы видеого түшүп калган.
Маалыматта жырткычтын кайра кайтып келген-келбегени жазылган эмес.