Сыймык Жапыкеев генерал-майор наамын алганын айтып чыкты

Жапыкеев Финансы полициясын жетектей баштаганда ага полковник наамы берилген. Ал эми жаңы наам боюнча кабарды КР президентинин маалымат кызматы тактап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ошол кездеги жетекчиси Сыймык Жапыкеев ага Финансы полициясынын генерал-майору наамы берилгенин өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
"Достор, эң биринчи силерге рахмат, ушунча колдогонуңарга. Кудайга ыраазымын, президентке чоң рахмат. Чын жүрөктөн кубанып жатам. Кудай буюрса эл, жер, өлкө үчүн эмгегимди аябайм", — деп жазды ал.
Эске салсак, Жапыкеев Финансы полициясын жетектей баштаганда ага полковник наамы берилген.
КР президентинин маалымат кызматы кабарды тастыктап, наам 4-март күнү берилгенин кошумчалады.