Маанай чөгүп турганда алкымды кантип тыйыш керек. Адистин кеңеши

Психологдун айтымында, дүйнөдө адамдардын 30 пайыздан ашыгы маанайы чөккөндө күчүн тамактан чыгарып, натыйжада толуп кетишет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Маанай чөгүп, стресске кептелип турганда тамакты көп жеп албаш үчүн адам бир нече мүнөттүк тыныгуу алышы керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек берип жатып, клиникалык психолог жана тамактануу боюнча адис Светлана Бронникова билдирди.
Психологдун айтымында, дүйнөдө адамдардын 30 пайыздан ашыгы маанайы чөккөндө күчүн тамактан чыгарып, натыйжада толуп кетишет.
"Мен сөз кылып жаткан тыныгуу — бул эч нерсе кылбай, жөн гана отуруп туруу. Же терезеден сыртты карап, ары-бери өткөн автоунааларды санап турсаңыз болот. Ошондон кийин гана өзүңүзгө ушул тапта тамак жегендин кереги барбы же жокпу, андан башка эмне менен алек болсом болот деген суроо берип көрүңүз", — деди адис.
Радио
Мырзабеков: стресс дагы бөйрөк ооруларын пайда кылат
Ал кошумчалагандай, адатта бул ыкма элдин баарына эле жардам бере албайт. Анткени кыйналып турганда таттуу тамактан баш тартуу оңой эмес.
"Эгер адам тамакты тандап алса, өз дене боюн кандай болсо ошондой кабыл алууга үйрөнүшү керек. Андан башка арга жок. Анткени адам стресс убагында жеген тамак-аш көбүнесе салмакка кетет", — деди Бронникова.
Буга чейин Sputnik адамды арыктата турган азыктардын тизмесин жазган.