Кыргызстанда шаардык кеңештерге болчу шайлоонун үгүт иштери башталды

Шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү 9-апрелге чейин уланат. Ал эми шайлоо 11-апрелде өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бүгүн, 12-мартка караган сааттан баштап шаардык кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Айылдык кеңештерде үгүт иштер 22-марттан башталат. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, талапкерлер өз аймактарында шайлоочулар менен жолугуп, интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн программасы менен тааныштыра алышат.
Шаардык кеңештердин шайлоосуна кайсы партия көп катышып жатат? Тизме
Үгүт өнөктүгү 9-апрелге чейин уланат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт.
Бул күнү Кыргызстандын 28 шаардык жана 420 жергиликтүү кеңешке шайлоо болот. Шаардык кеңештер үчүн 59 саясий партия ат салышууда.
Өткөн жылы шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү 13-мартта башталып, коронавирус пандемиясына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган эле.