Нарында жетекчилик кызматтагы бир нече адам аттестациядан өтпөй калды

Кыргызстандын президентинин "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө" жарлыгына ылайык, Нарын облусунда мамлекеттик кызматкерлер үчүн эки күнгө созулган аттестация болуп өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Нарын облусунун акимдеринин жана орун басарларынын билим деңгээлин сыноо үчүн аттестация болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы Нарын облустук администрациясынын маалымат катчысына шилтеме берип билдирди.
Сынактын жыйынтыгында, Жумгал районунун акими Залкарбек Бозбалаев, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Динара Жунусова жана Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Ишенбек Муканбетов аттестациядан өтпөй калышкан.
"Жогоруда аты аталгандар тесттен өтүшүптүр. Бирок баарлашуунун жана элдин берген баасынын жыйынтыгында ушундай тыянак чыгарылганын облустук администрациянын маалымат катчысы билдирди", — деди аймактык кабарчы.
Комиссиянын чечими Кыргызстандын премьер-министринин кароосуна жиберилет.
Облустагы калган акимдер жана алардын орун басарлары ээлеген кызмат ордунда калмай болушту.