Москвада эң сулуу кыргыз бийкеч тандалды. Сынактагы сүрөттөр

Иш-чараны кыргыз диаспорасы КРдин Москвадагы элчилигинин колдоосу менен уюштуруп, өткөн жумада өткөргөн. Шоу программа аялдардын эл аралык күнүнө арналып жасалган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Москвада "Кыргызстандын Россиядагы сулуусу" сынагы өттү. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинин сайтына жарыяланды.
Иш-чараны кыргыз диаспорасы дипломатиялык өкүлчүлүктүн колдоосу менен уюштуруп, өткөн жумада өткөргөн. Шоу программа аялдардын эл аралык күнүнө арналып жасалган.
Таажы менен баш байгеге Россиянын ар кайсы аймагынан чогулган Кыргызстандан барган 14 бийкеч ат салышкан. Конкурсанттардын арасында студенттер, фотографтар, моделдер жана башка кесиптин ээлери бар.
Кыздар кечки жана улуттук көйнөктөрдү кийип басып, интеллектуалдык конкурстарга катышышты.
Бийкечтердин сулуулугу менен өнөрүнө калыстар тобу баа берип жатты. Анын курамына World Beauty дүйнөлүк конкурсунун президенти Вадим Хусаинов, Россиянын эл артисти Юрий Назаров, популярдуу казак ырчысы Ержан Нургалиев, пластикалык хирург Кубанычбек Алибеков, "Голос" долбоорунун катышуучулары жана башка шоу бизнестин өкүлдөрү кирди.
Ал эми Евразиялык телеакадемиянын академиги Ассоль Молдокматова калыстар тобунун төрайымы болду.
Сынактын жыйынтыгында 18 жаштагы Баяна Бактыбек кызы жеңүүчү деп табылды. Бийкеч бир жыл мурда ата-энеси менен Москвага көчүп келген. Ага "Дүйнө сулуусу — 2021" сынагына жолдомо ыйгарылды.
Биринчи вице-мисс наамы Кемерово медициналык институтунун студенти Алтынай Борукчиевага берилсе, 18 жаштагы Роза Ганиева экинчи вице-мисс болду.