Бир суткада коронавирустан төрт киши каза тапты. Оору жуктургандар көп

Кечээтен бери айыккандарга караганда жуктургандар көбүрөөк катталган. Илдет Бишкекте бир медиктен табылганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 63 кишиден табылып, төрт бейтаптын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Билдирмеге караганда, өлүм учуру өлкөнүн төрт аймагында катталган. Бишкек шаарында бир, Чүйдө бир, Жалал-Абад облусунда бир жана Ысык-Көлдө бир бейтап акка моюн сунган. Буларды кошкондо коронавирус жалпы 1 480 адамдын өмүрүн алды.
Жуктургандар:
КРде коронавирус пандемиясы башталгандан бери COVID жалпы 86 755 адамдан аныкталды.
Айыккандар:
Бир сутка ичинде 48 бейтап ооруну жеңип, айыккандардын саны 83 766 болду.
Азыркы тапта ооруканада 312 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 78инин абалы оор болсо, 20 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Кечээтен бери Бишкекте бир медиктен вирус табылганы кошумчаланды.