Радио

Акматбеков: "Тулпар-картты" маршруткаларда дагы колдонуу каралууда

"Тулпар" долбоорунун ЖМК менен иш алып баруу боюнча адиси Бекжан Акматбеков коомдук транспортто жол кирени электрондук карта аркылуу жүргүзүүнү өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иш-аракеттер тууралуу айтып берди.
Sputnik
"Тулпар-картты" маршруткаларда дагы колдонуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Бекжан Акматбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоордун иши борбор калаада ийгиликтүү болсо, Ош шаарына дагы киргизүү боюнча пландар бар.
"Тулпар" долбоору мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ишке ашырылууда. Ошондуктан мамлекеттен эч кандай каражат талап кылынбайт. Учурда бул долбоорду дагы да жакшыртуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Тактап айтсак, жол кирени телефон жана банк карталары аркылуу төлөөгө багытталган долбоор сынамык иретинде иштеп баштады. Ага ылайык, тиркемени көчүрүп алып, тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизген соң телефонду аппаратка такап койсо, жол акысы төлөнөт. Учурда бул виртуалдык картаны алуу май айына чейин акысыз жүргүзүлөт. Ошондой эле аталган долбоорду жеке менчик коомдук транспорттордо да колдонуу мерчемделүүдө. Бул багытта аталган компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат", — деди Акматбеков.
Ал "Тулпар-карт" аркылуу жол кире төлөө операциясы бир жылдын аралыгында 3,5 миллионго жеткенин кошумчалады.
Маектин толук вариантын видеодон угуп-көрсөңүз болот.