БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Борбор калаада калкты тейлөөчү мобилдик борборлор 16-19-март күндөрү бишкектиктердин биометрикалык маалыматтарын топтоп, жашаган жери боюнча каттап, паспорт алмаштырууга документтерди кабыл алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Жарандарга аталган мобилдик борбордо кошо жүргөн БШК мүчөлөрү жергиликтүү кеңешке боло турчу шайлоо тууралуу да маалымат беришет.
Калкты тейлөөчү мобилдик борборлордун иштөө графиги:
16-март
17-март
Биринчи май району
18-март
Октябрь району
19-март
Свердлов району
Чүй облусу, Аламүдүн району
Калкты тейлөөчү мобилдик борборлордун кызматкерлери документтерди кичи автобустун ичинде кабыл ала турганы айтылды. Ал жакта тиешелүү жабдуунун баары бар.