Ишембиге карата аба ырайы

13-мартка караган түнү туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда кар жаап, тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкө боюнча мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9, Талас жергесинде +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +12…+17, Ысык-Көлдө +8…+13, Нарын өрөөнүндө +5…+10 градуска чейин жылыйт.
Бишкекте жамгыр жааса, Ош шаарында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +6…+8, Ошто +13…+15 градусту көрсөтөт.