Улуу элдин учун улай... Эскини эске салган интерактивдүү музейден 14 сүрөт

Кыргызстандагы этнокомплекстердин биринде өзгөчө, интерактивдүү музей ачылды. Тарыхый жай эскини эске салат. Анда кыргыздын ким болгондугу, улуттук баалуулуктары так, даана көрсөтүлгөн.
Sputnik
Бул — коомдук ишмер, айтылуу "Шоро" компаниясынын, "Супара" этнокомплексинин негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин музейи. Кыргыз элинин маданиятын, тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын таанытуу Эгембердиевдин кыялы эле дейт анын жакындары.
Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева: убакыт дарылабайт экен...
Аталган тарыхый жай 16 бөлүктөн турат. Алардын бири Табылды Эгембердиевдин бейнесине арналса, коноктор музейден кыргызга таандык, кыргыз жыттанган буюм, оокаттын баарын таба алышат. Мындан сырткары, пластилинден жасалган "Өнөр айылы", "Улуу көч", "Көк бөрү" макеттери көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурат.
 
1 / 14
Коноктор Табылды Эгембердиевдин интерактивдүү музейине келүүдө
2 / 14
Эгембердиев "Супара" түптөлүп баштаганда эле музей ачууну кыялданган экен. Бул кыялын көзү өткөн соң жубайы Жаңылсынзат Турганбаева ишке ашырды
3 / 14
Адатка айланып калгандай кызыл лента кесилген жок. Анын ордуна эски аркан. Аны экс-президент Роза Отунбаева менен биринчи айым Айгүл Жапарова ачууда
4 / 14
Байыркынын баркын сездирген сүрөт. Музейдеги экспонаттардын көпчүлүгүн Табылды Эгембердиев өзү чогулткан
5 / 14
Бул "Өнөр айылы". Макеттер пластилинден жасалганы менен кудум кадимки айылды эске салат
6 / 14
Сайманын көркүн чыгарган Толсун Көкөева
7 / 14
Музей 16 бөлүктөн турат. Алардын бири Табылды Эгембердиевдин бейнесине арналган
8 / 14
Жылуу жүздөр. Роза Айтматова, Айгүл Жапарова, Роза Отунбаева кол өнөрчүлөрдүн эмгегин суктана карашууда
9 / 14
Жыгачка жан киргизип, комуздун түрүн жасаган уста Нурадин Абдразаков
10 / 14
Музейдин ачылышына келген ажарлуу айымдар. Мындай кооз интерьерде кантип селфи кылбасын?
11 / 14
Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева
12 / 14
Көк бөрү ойногон жигиттер. Адам менен аттарга жан киргендей...
13 / 14
Суктанган, сүрөткө тарткан коноктор
14 / 14
Ажонун аялы музейдин негизги конокторунун бири болгон