КР футбол командасынын дүйнө чемпионатына тандоо оюндары жайында Японияда өтөт

Улуттук команда акыркы жолу расмий беттешин 2019-жылдын күзүндө ойногон. 2022-жылы өтчү Дүйнө жана 2023-жылы боло турган Азия кубогу мелдештерине тандоо оюндарынын айрымдары пандемияга байланыштуу кийинкиге калган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. 2022-жылы Катар өлкөсүндө өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын калганы борборлоштурулган форматта Японияда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзу (КФС) билдирди.
Радио
Букуев: дүйнө чемпионатына чыгуу боюнча стратегиялык планыбыз бар
Кыргызстан командасы ойногон "F" тайпасынын калган беттештери 31-майдан 15-июнга чейин Японияда өтөт. Улуттук курама команданын өз талаасында Монголия, конокто Мьянма жана Япония менен оюндары калган болчу.
Борборлоштурулган форматта өтүүчү оюндардын расписаниеси:
Улуттук команданын 2022-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына чыгуу мүмкүнчүлүгү өтө эле аз.
Курама команда 2019-жылдын декабрынан бери бир да расмий оюнга чыга элек. Тандоо турундагы жогоруда айтылган беттештер пандемиядан улам кийинкиге калтырылган болчу.