Бири сулата чаап, бири тургузбай сабап... КР мушкерлеринин Brave CF уюмундагы жеңиши

Промоушенде дебюттук беттешке чыккан Немат Абдрашитов россиялык атаандашы Анзор Абдулходжаевди нокаутка кетирип утту.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Brave CF уюмунун кечээ өткөн мелдешинде таймашкан кыргызстандык үч мушкер да жеңишке жетишти. Турнир улуттук телеканалдын "Спорт" каналынан түз көрсөтүлдү.
Промоушендин мелдешинде дебюттук беттешке чыккан Немат Абдрашитов россиялык атаандашы Анзор Абдулходжаевди нокаутка кетирип утту. Ал адегенде атаандашы мойнунан муунтууга алган кучагынан чыгып, өзүн ээк тушка сокку уруп сулата чапты. Окуянын видеосун промоушен жарыялады.
Дебюттук кармашка чыккан дагы бир кыргызстандык спортчу Рыскулбек Ибраимов филиппиндик Женел Лаос менен кезикти. Беттештин жыйынтыгында калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңиш кыргыз мушкерине ыйгарылды.
Тай боксчу Шерзод Кабутов атаандашын ичке тээп, нокаутка кетирди. Видео
Ал эми Кубанычбек Абдисалам уулу кеченин башкы беттешинде UFC уюмунун экс-мушкери, филиппиндик Роландо Даону жеңилүүгө аргасыз кылды. Кыргыз мушкери атаандашын эки раунд бою жерге жыгып, толук үстөмдүк кылды. Натыйжада филиппиндик атлет үчүнчү бөлүккө чыгуудан баш тартты. Бул ийгилиги менен Абдисалам уулу жеңил салмактагы чемпиондук курга башкы талапкер болду.
Уюмдун кезектеги мелдеши кечээ, 11-мартта, Бахрейнде өттү.