БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкектин Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 18 жаштагы курулушчу кулап түштү. Октябрь райондук милициясынын маалыматына караганда, жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген.
Аталган факт Жазык кодексинин 258-беренеси ("Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.