Bishkek Park соода борборуна жакын жерден өрт чыкты. Видео

Азырынча эмне күйүп жатканы туурасында маалымат жок. ӨКМ өрт өчүрүүчүлөр аталган дарекке чыгып кеткенин тастыктады
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Борбор калаанын Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде, Bishkek Park соода борборуна жакын жерден өрт чыкты.
Кырсыктын видеосун күбөлөр жиберишти.
Азырынча эмне күйүп жатканы белгисиз. ӨКМден ал жерге өрт өчүрүүчү бригадалар чыгып кеткендигин, толук маалыматты кийинчерээк берерин айтышты.