Bishkek Park соода борборунун артында бус өрттөнүп кетти. Сүрөт, видео

Жеринен тартылган кадрлардан токтоп турган автоунаа толугу менен күйүп, темири гана калганын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Bishkek Park соода борборунун артындагы короодо бус күйүп кетти.
1 / 3
Bishkek Park соода борборунун артындагы короодо бус күйүп кетти
2 / 3
Жеринде бир өрт өчүрүүчү бригада иштеп жатат
3 / 3
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен тарткан кадрлардан автоунаа толугу менен күйүп, темири гана калганын көрүүгө болот
Окуя болгон жерде бир өрт өчүрүүчү бригада иштеп жатат. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен тарткан кадрлардан автоунаа толугу менен күйүп, темири гана калганын көрүүгө болот.
Буга чейинки Bishkek Park соода борборуна жакын жерден өрт чыкканы айтылып, бирок эмне күйүп жатканы белгисиз болуп жаткан.