Радио

Абдылдаева: балдар эмгек сабагында өздөрүнө бет кап тигип алышууда

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева IV окуу чейрегин балдар салттык режимде окушарын айтты.
Sputnik
Мектептер 1-апрелден тарта кадимки тартипте иштеп баштайт. Бирок бул учурда да бет кап тагынуу эрежеси сакталат. Бул тууралуу Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, салттык режимде билим алууда сабактар 45 мүнөттөн болуп, бардык окуучулар катышат.
"Саламаттык сактоо министрлиги эпидемиологиялык абалдын жакшырышынан улам 1-апрелден тарта мектептерде кадимки режимде окутууга уруксат берди. Учурда бул маалыматка окуучулар эле эмес, педагогдор да сүйүнүп турат. Бирок санитардык эрежелер сакталат. Билим уялары санитайзер, самын, суу менен камсыздалып, окуучулар бет кап тагынышат. Бир үй-бүлөдө 4-5 бала окуган учурда ар бирине күнүнө 2-3 даанадан бет кап алып берүү ата-энелер үчүн кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Бул абалдан аймактагы айрым мектептер өз алдынча чыгып кетүүдө. Алар эмгек сабагы учурунда окуучуларга көп ирет колдонулуучу бет кап тигүүнү үйрөтүп жатышат. Муну менен балдар жеке өздөрүн эле эмес, окуган мектебин бет кап менен камсыздоого көмөк көрсөтүшүүдө", — деди Абдылдаева.
Педагог окуучулар тиккен бет каптар бардык медициналык талаптарга жооп берерин кошумчалады.