Радио

Аскералиева: айыл чарбасында урук чыгаруу абдан кирешелүү тармак

Агроном Бактыгүл Аскералиева айыл чарбасында гендик инженерия көп каражатты талап кылбаган абдан кирешелүү тармак экенин белгиледи.
Sputnik
Кыргызстанда урук чыгаруу, гибриддерди жаратуу жакшы өнүксө айыл чарбада жылыш болот. Мындай пикирин Бактыгүл Аскералиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда айтты.
Анын айтымында, советтик мезгилде жүгөрү, буудай, кызылча сыяктуу дан өсүмдүктөрү менен жашылчалардын гибриддери Кыргызстанда иштелип чыкчу.
"Кыргызстан үчүн гендик инженерия абдан маанилүү тармак. Бирок азыр эч ким бул иш менен алектенбей жатат. Урук, гибрид чыгаруу — көп финансыны талап кылбаган, билим гана керектелген абдан кирешелүү сектор. Советтик доордо буудай, кызылча, жүгөрүлөрдүн гибриддерин чыгарып таратчубуз. Бул багытта мамлекеттик структуралар урап, эч кандай урук өндүрүлбөй калды. Менин оюмча, гендик инженерияны жеке компанияларга бериш керек. Дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн бизде бардык шарттар бар. Климат, топурак, жер семирткичтер — биздин артыкчылык", — деди Аскералиева.
Ошондой эле адис жеке компаниялар урук чыгаруу менен иш алып барса тез арада атаандаштык жаралып, чет өлкөнүн рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк ачыларын кошумчалады.