Бийлик өкүлдөрү Жумгалда жол тоскондордун талабын аткарууга убада берди

Кечээ Жумгалда жолдун оңдолбой жатышына нааразы болгондор нааразычылык акцияга чыгышкан. Алар менен бийлик өкүлдөрү жолугуп, убадаларды берген соң митинг токтогон.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Жумгалда жолдун абалына байланыштуу нааразычылык акциясына чыккандар менен бийлик өкүлөрдү жолугуп, жол оңдоо иштери жайында башталарын убадалашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 3
Жумгалда жолдун абалына байланыштуу нааразычылык акциясына чыккандар менен бийлик өкүлөрдү жолугуп, жол оңдоо иштери жайында башталарын убадалашты.
2 / 3
Нааразы болгондор менен транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Талант Солтобаев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, район акими Залкар Бозбалаев жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин митинг токтоп, жол ачылган
3 / 3
Солтобаев жолду оңдоо иштери июнь айында башталарын убадалады.
Кечээ Жумгал районуна караштуу Доскулу айылынын кире беришинде 100гө жакын адам жолду тосуп алышкан. Алар Кочкордон Жумгалга кетчү жолдун абалы начарлап, каттоого мүмкүн болбой калганын айтышкан.
Бишкек шаардык соту митинг өткөрүүгө салынган тыюуну жокко чыгарды
Нааразы болгондор менен транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Талант Солтобаев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, район акими Залкар Бозбалаев жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин митинг токтоп, жол ачылган.
Солтобаев жолду оңдоо иштери июнь айында башталарын убадалады.
"Жаңы тендер жарыяланып, жаңы компания келип ишти колуна алганча жай мезгилине барып калат. Буюрса, июнда тендер жыйынтыкталып, жолду оңдоо иштери колго алынат. Негизги иштери 2022-жылга чейин бүткөрүлөт", — деди ал.
Ал эми жергиликтүү эл азырынча айтылган сөздөргө ишенбей турганын, эгер убадалар июнь айында аткарылбаса, нааразычылык акциялары кайра башталарын айтышты.