Ташкент Садыр Жапаровду кантип тосуп алды. Видео

Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кеткен КР президенти Садыр Жапаровду "Ташкент" аэропортунан өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.
Sputnik
Аба майданда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилген. 
Жапаров Ташкенттин "Эгемендик" аянтындагы "Көз карандысыздык жана гуманизм" монументине гүл койду.
Садыр Жапаровду Ташкенттен премьер-министр Абдулла Арипов тосуп алды
Иш сапардын алкагында КРдин мамлекет башчысы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мындан сырткары, Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугары пландалып жатат.