Селфиге түшүүнүн негизги кооптуулугу айтылды

Көп учурда селфи жасагандар кызыктуу кадр тартууга азгырылып, өз өмүрүнө жаралуучу коркунучту унута түшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Социалдык тармактагы катталуучуларды өзүнө тартуу максатында жасалган модалуу селфи аны тартып жаткан киши үчүн акыркы сүрөт болуп калышы да ыктымал. Мындай тыянакты B&C Agency коммуникациялык агенттигинин өкүлү Марк Шерман "Прайм" агенттигине билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал белгилегендей, соцтармактарга көз каранды адамдар өзгөчө модалуу жана оригиналдуу сүрөткө тартууга аракет кылып, өлүмгө алып келүүчү коркунучтарды байкашпайт.
"Адам өмүрүнө коркунуч туудуруучу жерлерде селфи тартууга болбойт. Анткени сиз мындай учурда кырдаалды толук көзөмөлдөй албайсыз. Маселен, тоолордо, сууда тартылган селфи, жолдо бара жатып транспортто "чырк эттирүү" кооптуу деп эсептелет", — деген эксперт.
Дарыгер смартфонду караңгыда колдонуунун зыяндуу жагын айтып берди
Сүрөткө тартып жатканда абал кооптуу эмес экендигине болгон ишеним маанилүү. Көп учурда адамдар кызыктуу кадр тартууга азгырылып өмүргө жаралуучу коркунучту унута түшөт.
Шерман, ошондой эле, тартылган селфи башкаларга да көйгөй жаратпашы керектигин, адам өзү жөнүндө гана эмес, башкалар тууралуу да ойлонгону маанилүү экенин белгилеген.