Бишкектеги ок чыгарган заводду жандандыруу зарылдыгы айтылды. Сүрөт

Өкмөт башчы мамлекет үчүн коргонуу өнөр жайынын маанисин баса белгилеп, заводду кайра калыбына келтирүү иштерин күчөтүү керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов "Бишкек штамптоо заводуна" барып ал жерде иштегендер менен пикир алышып, ишканада чыгарылып жаткан согуштук жана спорттук-аңчылык багыттагы патрондорду көрдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 5
Премьер-министр Улукбек Марипов "Бишкек штамптоо заводуна" барып ал жерде иштегендер менен пикир алышып, ишканада чыгарылып жаткан согуштук жана спорттук-аңчылык багыттагы патрондорду көрдү
2 / 5
Аталган ишкана Энергетика жана өнөр жай министрлигине карайт
3 / 5
Марипов өнөр жай цехтерин аралап, патрон чыгарган жабдууларды жакындан көрдү
4 / 5
Ал мамлекет үчүн коргонуу өнөр жайынын маанисин баса белгилеп, заводду кайра калыбына келтирүү иштерин күчөтүү керектигин айткан
5 / 5
Буга чейинки маалыматтарда аталган завод согуштук патрондорду чыгарууга ниеттенип жатканы айтылган.
Аталган ишкана Энергетика жана өнөр жай министрлигине карайт.
Марипов өнөр жай цехтерин аралап, патрон чыгарган жабдууларды жакындан көрдү.
Ал мамлекет үчүн коргонуу өнөр жайынын маанисин баса белгилеп, заводду кайра калыбына келтирүү иштерин күчөтүү керектигин айткан.
"Завод 500 кишини жумуш орун менен камсыздайт, анын өнөр жай мүмкүнчүлүгү толугу менен пайдаланылбай жатат. Бирок заводдун иштеп жатканынын өзү кубанычтуу көрүнүш. Кесипкөй кадрлар, финансы жагынан көйгөйлөр бар. Бирок майнаптуу башкаруудагы чечимдер жана заманга ылайык ыкмалар менен заводду бутуна тургузуп кетсе болот", — деген Марипов.
Буга чейинки маалыматтарда аталган завод согуштук патрондорду чыгарууга ниеттенип жатканы айтылган. "Бишкек штамптоо заводу" Россиянын ишканалары менен тыгыз иштешери да кабарланган.