Кыргызстандагы эң сулуу келин аныкталды. Сүрөттөр

Бактыгүл Маганбетова жеңүүчү катары "Ааламдын сулуу айымы — 2021" эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан катышуу укугуна ээ болду.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкектеги ресторандардын биринде республикалык "Кыргызстандын сулуу айымы — 2021" сулуулар сынагынын финалы болуп, өлкөдөгү эң сулуу келинди тандашты.
Сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекованын айтымында, жеңүүчү деп 35 жаштагы Бактыгүл Маганбетова табылды. Ал учурда КРдин нан бышыруучулар ассоциациясынын төрагасынын орун басарынын милдетин аткарат.
Маганбетова жеңүүчү катары "Ааламдын сулуу айымы — 2021" эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан катышуу укугуна ээ болду.
Жалпысынын сынакка 25 келин катышты. Биринчи вице-миссис деп 37 жаштагы Регина Сулайманова, экинчи вице-миссис деп 50 жаштагы Нуржамал Дүйшөнбиева аталды.
"Кыргызстандын ханышасы — 2021" номинациясында Евгения Гуливатенко жеңүүчү болду.
Байгелүү орунду алгандардын бардыгы Түркияда эс алууга жолдомо алышты.