Кыргызстанда импорттун көлөмү былтыр кыйла кыскарган

Экономика жана каржы министрлигинин өкүлү пандемияда ишкерлердин башынан өткөн көйгөйлөр тууралуу айтып, экономиканы калыбына келтирүү үчүн кандай чара колдонуу керектигине токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда импорттун көлөмү төрттөн бир бөлүккө кыскарды. Бул тууралуу экономика жана каржы министринин экономикалык саясат башкы башкармалыгынын начальниги Алмаз Абдекиров билдирди.
Ал Sputnik маалымат борборунда өткөн Москва — Минск — Бишкек — Кишинев — Нур-Султан видеокөпүрө форматындагы иш-чарага катышкан.
Адистин айтымында, пандемия учурунда ишкерлер чек ара жабылганда жана ата мекендик өндүрүш үчүн сырьё издегенде абдан кыйналышкан.
"Биринчи айларда ишкерлер сырьёну алмаштыра турган нерсе таппай дүрбөлөңгө түшкөн. Былтыр Кыргызстанда импорт 26 пайызга кыскарды", — деди Абдекиров.
Ал бюджетке өбөлгө түзүү менен иш активдүүлүгүн бир калыпта кармап калышканын белгилеген. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукция 8,6 пайызга азайган. Мындан сырткары, модератор спикерлерден, анын ичинде Абдекировдон кризисти жеңип, экономиканы калыбына келтирүү үчүн кандай чара колдонуу керектигин сураган.
Анда экономика жана каржы министрлигинин өкүлү төмөндөгүлөрдү сунуштаган: