Гонконг сап башында турат. Кыргызстандан малдын ичеги-карыны сыртка көп сатылууда

Узаган жылы Кыргызстан малдын ичеги-карынын 2019-жылга салыштырмалуу 250 тоннага арбын экспорттогон.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. 2020-жылы Кыргызстан сыртка малдын 1 284,1 тонна ичеги-карынын саткан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтында жазылган.
Жогорудагы азык баш-аягы дээрлик миллион долларга бааланган.
Мекеме "Жаныбарлардын ичеги-карыны" товардык номенклатурасы боюнча маалымат берди.
Кыргызстандан ичеги-карын алган мамлекеттер:
Ал эми 2019-жылы 250 тоннага аз сатылып, жалпы суммасы 984 миң долларды түзгөн. Өткөн жылы Гонконг ичеги-карын экспорттолгон мамлекеттердин катарында жок болчу.