БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. "Кыргызстанда жасалган" деп аталган соода үйүн Екатеринбург шаарында ачуу боюнча маселе талкууланып жатат. Бул туурасында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин экспортту жылдыруу жана өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Арипов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Пандемиянын КМШ өлкөлөрүнүн экономикасына тийгизген кесепети" деп аталган тегерек столдо маалымдады. Иш-чара Москва — Минск — Бишкек — Кишинев — Нур-Султан менен видео көпүрө форматында болду.
"Уралдагы соода-өнөр жай палатасы менен жакынкы аралыкта видео байланыш өткөрөбүз. Өз ара соода жолдорун талкуулайбыз, "Кыргызстанда жасалган" деп аталган соода үйүнүн Екатеринбургда ачууну сүйлөшөбүз", — деди Арипов.
Андан сырткары, Кыргызстанда "Россияда жасалган" деген белги менен товарлар пайда болорун билдирип, бирок соода үйлөрүнүн ачылары туурасында так айткан жок.
Арипов мамлекеттик агенттик эки өлкөнүн ортосундагы бизнес боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Россия менен аймак аралык конференция уюштурууну пландап жатканын кошумчалады.