Бабалар баркын сездирет. Кыргызстанда интерактивдүү музей ачылат

Музейде Табылды Эгембердиев өзү чогулткан буюмдарынан улуттук музыкалык аспаптарына чейин коюла турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы этнокомплекстердин биринде Табылды Эгембердиевдин музейи ачылат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Маалым болгондой, музейге Табылды Эгембердиев өзү чогулткан буюмдар коюлмакчы.
Мындан сырткары, аталган жайда "Өнөр айылы", "Улуу көч", "Көк бөрү" деп аталган макеттер пластилинден жасалып коюлган. Алсак, "Улуу көчтө" кыргыз элинин журт которуу маданияты, манасчылык, комузчулук өнөрү, мал чарбачылыгы, улуттук оюндары жана жол боюндагы айылдардын көч сыйлоо каада-салты көрсөтүлгөн.
"Улуулугубузду унуттурбай эске салып, бабаларыбыздын баркын сездирип турган бул музейге ар бир келген конок тилек айтып, жаргылчакка буудай тартып, улуттук оюндарыбыздын айрым түрлөрүн ойноп кетүү үчүн интерактивдүү ыкмалар колдонулат", — деди уюштуруучулар.
Интерактивдүү музейдеги бөлүктөр:
Музей бүгүн, 11-марттан тарта, конокторго эшигин ачары маалым болду.