Ири турнирге республиканын аймактарынан чогулган 26 команда катышат. Тандап алуу бөлүгүндөгү оюндар эки таймда өтсө, жарым финал жана финал үч таймда ойнотулат. Мындай маалыматты Марат Сырдыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, бир күндө сегиз оюн уюштурулганына байланыштуу убакыт жетишпегендиктен, федерация тарабынан мелдешти өткөрүү форматы өзгөртүлдү.
"12-мартта чүчү кулак тартылып, 13үндө оюндар башталат. Бир күндө сегиз оюн өткөрөбүз. Эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 8:00гө чейин мелдеш жүрөт. Оюндар эки таймда өтөт. Эгерде үч тайм кылсак, түнкү саат 00:00гө чейин созулуп кетиши мүмкүн. Аргасыздан мелдештин форматын өзгөрттүк. Ал эми жарым финал жана финал үч таймда болот. Оюнчулар туура кабыл алат деп ойлойм. Анткени жалпы турнирде 56 беттеш болот. Улакчылардын аттары чыдабай, чарчап калышы ыктымал", — деди Сырдыбаев.
Ошондой эле калыс Нооруз-2021 турнирине Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунан келе албай калган айрым командалар бир учурда эле Оштогу мелдеште ат салышарын кошумчалады.