БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы чөнтөк ууруларынан кантип сактануу керектиги тууралуу кеп-кеңештер менен бөлүштү.
Облустук милиция билдиргендей, чөнтөк уурулары тарабынан жасалган кылмыштар шаарларда жана райондордун борборлорунда көп катталат.
Чөнтөкчүлөр жылдын кайсы мезгили болбосун коомдук транспортто, соода түйүндөрүндө, базарларда жана эл көп чогулган жерлерде уурулук жасашат.
Төмөнкү жөнөкөй эрежелерди кармануу менен чөнтөк уурулардан сактанууга болот:
Эгер сиз уурулардын колунан жабыр тарткан болсоңуз же кылмышка күбө болуп калсаңыз, анда дароо 102 кыска номуруна чалыңыз.