БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Мындан ары чет өлкөдө жашап жүргөн жарандар өзүнө керектүү маалым каттарды Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан аралыктан туруп ала алат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов өлкө башчынын "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында кол койду.
Кыргызстандыктар "Документтерди талап кылуу" ("Истребование") автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төмөнкү документтерди ала алат:
Электрондук маалым катка ошол мамлекеттеги консулдук кызматтын өкүлүнүн электрондук кол тамгасы коюлат. Кол тамганын жасалма эмес экенин билүү үчүн Тышкы иштер министрлигинин сайтына кайрылса болот.
Маалым катты алуунун чоо-жайы айтылган эмес.