БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү (УКТ) ишкерлерге кысымын күчөттү. Бул тууралуу Кыргызстандагы товар жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Азык-түлүк баалары, бизнести коргоо, вакцина, премьер-министр Мариповдун планы" аттуу брифингге катышты. Модератор андан социалдык тармактарда УКТ мүчөлөрү бизнесмендерди көбүрөөк коркутуп баштады деген кептерге үн катуусун өтүнгөн.
"Ооба, басым күчөдү. Коомдо кризистик абал болуп турганда, албетте, кылмыштуу топ да башын көтөрөт. Бийлик ишти жөнгө салып, орчундуу маселелерди чечкенге аракет кылууда. Басым көбүнчө чакан бизнеске болуп жатат", — деген Ускенбаева.
Эксперт мындай учурларда ишкерлер укук коргоо органдарына кайрылышы үчүн бийлик алардын ишенимин бекемдеши керектигин белгиледи.
"Финпол тараптан бизнеске басым болгонун дайыма угуп келебиз. Анан аларды уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү "калкалап беребиз" дешет. Ушунтип отуруп ишкерлик, бөтөнчө чакан бизнес жок болуп жатат", — деди адис.
Буга чейин Ишкерлердин эл аралык кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков бизнесмендер бир күндө бир эмес төрт ирет суракка барууга аргасыз болуп жатканын айткан.