Баткенде аткезчилер чекисттерге каршы ок атып, экөөнү жарадар кылды

Кампанын ээси 20дай кишиси менен кызматкерлерге контрабандалык жүктү кармоого жол бербөө үчүн ок атуучу куралды колдонуп, кармаша кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Баткенде аткезчилер тобу тергөө амалдарынын жүрүшүндө УКМК кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, экөөсүн жарадар кылды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Окуя бүгүн, 11-мартта, Самаркандек айылында болгон. Кампаны тинтүү учурунда анын М.А. аттуу ээси 20дай кишиси менен контрабандалык жүктү кармоого жол бербөө үчүн УКМК кызматкерлерине ок атуучу курал колдонуп, кармаша кеткен.
"Аткезчилер тобу менен УКМК кызматкерлеринин ортосунда массалык кагылышуу болгон. Мамлекеттик каттоо номерлери жок, оор жүк ташуучу алты унаанын экөө чек арадан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Кармашуунун жыйынтыгында эки кызматкер жеңил жаракат алган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда окуянын катышуучулары кармалган, ыкчам-тергөө тобу милиция менен биргеликте иштеп жатат.
Бул факт боюнча УКМК кылмыштын бардык жагдайларын жана башка катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.