Уяң, сырдуу, таасирдүү сулуулар. Дүйнөнүн ар бурчунан тартылган 15 ирмем

Sputnik

"Сулуулуктун улуттук башаты" деп аталган долбоорго мамлекеттер эмес, улуттарды алышкан. Наталья Иванованын айтымында, адамдар көпчүлүк убакта дүйнөдөгү көп улуттуу колоритти эмес, расаларды, ак же кара өңдү, өлкөлөргө тийиштүү өзгөчөлүктөрдү гана байкашат. Бул сулуулардын эл аралык конкурсунда жана ага окшогон иш-чараларда көп байкалат.

"Эл аралык жана көп улуттуу аудиториянын жүрөгүнө жеткириш үчүн сулуулуктун тили, жылдыздуулук жана жаштык чагылдырылды. Өзүнчө алынган ар бир этнос долбоордо үч кыз (үч фотопортрет жана үч видео маек) аркылуу баяндалат. Ал улут туурасындагы маалымат менен коштолот", — деп айтылат долбоордун сайтында.

Долбоорго кыргыз кыздар да катышкан. Анын YouTube-каналында (2014-жыл) ал кезде 21 жашка чыккан Даткайым туурасында айтылат.

https://www.youtube.com/watch?v=FVyfne9OwE4

Беш жыл өткөндөн соң 29 жаштагы Венера Пратова тууралуу тизер жарыяланган.

https://www.youtube.com/watch?v=euedm-3Q8wI

 

1 / 15
Бүгүн "Сулуулуктун улуттук башаты" долбоорундагы айрым сүрөттөрдү тартуулайбыз
2 / 15
Долбоорду жети жылдан бери россиялык фотограф жана фотожурналист Наталья Иванова ишке ашырып келе жатат. Максаты — дүйнөнүн көп улуттуу колоритин көрсөтүп берүү
3 / 15
Англо-австриялык этникалык топтон чыккан кыз
4 / 15
Нивхи этникалык тобунан чыккан кыз
5 / 15
Украин этникалык тобунан чыккан кыз
6 / 15
Орус этникалык тобунан чыккан кыз
7 / 15
Кхмер этникалык тобунан чыккан кыз
8 / 15
Исландиянын этникалык тобуна кирген бийкеч
9 / 15
Долбоордун катышуучусу төрт критерий менен тандалат: 18-35 жаш, табигый сулуулук, кеминде үч мууну бир улутта болуу керек, этникалык түбүн кабыл алуусу, ошондой эле өз элинин маданияты менен салтын билүүсү
10 / 15
Абхазиянын этникалык тобуна кирген кыз
11 / 15
Реюньон этникалык тобуна кирген кыз
12 / 15
Наталья Иванова белгилегендей, долбоор коммерциялык эмес жана көркөм-даректүү, изилдөө максатын көздөйт
13 / 15
Вьетнам этникалык тобуна кирген кыз
14 / 15
Карель этникалык тобуна кирген кыз
15 / 15
Көшөгө артындагы тартуу иштери. Сүрөттө тунисттик кыз