Аллергия мээни да сезгендириши мүмкүн. Аллерголог Абдылдаев менен маек

Жаз келип, күн жылыганы менен мезгилдик аллергиясы барлар үчүн кыйынчылык жаралары шексиз. Дем алуусу кыйындап, шишип-көөп, чүчкүрүп-бышкырып калышат.
Sputnik
Аллергия жанды кыйнап оорутпаганы менен бир топ ыңгайсыздык жаратып, бушайман кылат. Ошону менен бирге кооптуулугу да бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун Аллергология, иммунология боюнча профессордук курстун башчысы, медицина илимдеринин доктору Таалайбек Абдылдаевден керектүү суроолорго жооп алды.
Бул ирет адис менен болгон маекте аллергия оорусунун кесепети, дарылануу жагдайы жана алдын алуу маселелери тууралуу сүйлөштүк.
— Акыркы кезде экинин бири эле аллергия менен жабыркап жаткандыгын айтышат. Себеби эмнеде?
— Аллергия оорусу — тамак–ашыбызда ар кандай кошулмалардан, аба ырайынын бузулушунан жана балдардын оюнчуктары, кир жуучу каражаттар өңдүү синтетикалык түрдүү заттар көп колдонулуп жаткандыктан болууда. Эми мындан ары да булардын таасири көбөйөт. Анткени унаалар барган сайын арбып, андан чыккан түтүн жана шаарды да ыш каптоодо. Ошол себептен бак-дарактар ууланып, аллергиянын пайда болушуна шарт түзөт. Ушундан улам аллергия оорулары жылдан-жылга көбөйөт. Түтүндөгү уулуу заттар гүлдөгөн чөптөрдүн затын бузат. Алардын мурунга, өпкөгө кириши менен аллергия пайда боло баштайт. Айыл жергесине караганда Бишкекте бул оору менен жабыркагандар көп. Себеби айылда тамак-аш, аба таза. Негизинен аллергия чөп-чардын чыгышы менен май айында күчөйт. Ага чейин үй-бүлөлүк дарыгерлерге барып медициналык кароодон өтүү керек. Айыл жергесинде аллергологдор жок. Ошондуктан дарыланууда кандайдыр бир маселе чыкса телефондон мага кайрылсаңыздар болот, телефонум 0553859813. Мен үй-бүлөлүк дарыгериңер менен сүйлөшүп берем. Кээ бирөөлөр: "чөп чыкканда бир аз чүчкүрөм, көзүмдөн жаш агат", — деп айтышат. Бирок дарыланбаса ал бронха астмасына айланып кетет. Үй-бүлөлүк дарыгер менен дарылануунун планын түзүү зарыл.
Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун Аллергология, иммунология боюнча профессордук курстун башчысы, медицина илимдеринин доктору Таалайбек Абдылдаев
— Аллергия тукум кууйбу?
— Ооба, тукум кууйт. Биринчи муунга 25 жылга чейин таасир берет. Башкача айтканда, атасында же энесинде аллергия болсо, баласында да болот. Неберелеринде андан да көбүрөөк пайызда болот. Аллергиясы барлар болушунча таза жерде жүрүүгө аракет кылып, аллергия чакырган заттар менен байланышпай, абасы таза аймакта жашап, таза жумушта иштегенге аракет кылуусу керек. Мисалга, Ысык-Көлдө Бишкекке караганда бак-дарактар, өсүмдүктөр бир ай кеч гүлдөсө, Нарында эки айга кеч чыгат. Ушундай мезгилдерге ылайыктап жумуштан өргүү алса болот.
— Дары-дармек маселеси кандай болуп жатат?
— Азыр дары-дармек маселеси кыйын. Институтта бул боюнча эл аралык деңгээлдеги эки чоң конференция өткөрдүк. Россияда да аллергиядан дарылануу туурасында конференция өткөн. Ал жакта адамдар атайын топторду түзүп алып, жарандарды таза, сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоо боюнча ар кандай иштерди жасашууда. Мисалы, унду кургак жерде, мүшөгү менен атайын кампада сактоо керек. Ун саткан дүкөндөрдө андай шарт жок болсо ун да бузула баштайт. Бул аллергиясы жок адамдарга билинбегени менен ооругандарга жаман. Анткени андан микотоксиндер, башкача айтканда, унда козу карын өңдүү микробдор пайда болот. Ошол эле учурда балдарга да экологиялык таза оюнчуктарды сатып алуу зарыл. Көпчүлүк кайсы зыян, кайсынысы таза экенин айырмалай албайт же убактысы жок. Ал эми атайын түзүлгөн иммунологиялык топтордун бири тамак-ашты, экинчиси дары-дармекти, айрымдары балдар оюнчуктарын карайт. Кыргызстанда да ар кандай коомдук уюмдарга кирген адамдар көп. Чет мамлекеттерден да көп жардам келип жатат. Аллергия оорусунда да иммунологиялык изилдөөлөр жасалышы керек, бирок ал кымбат турат. Коомдук уюмдар ушул жагынан жардам берет.
Азыр алыскы аймакта жашагандар үчүн керектүү адис менен үй-бүлөлүк дарыгер биргелешип иш алып барган "теле медицина" долбоорун ишке киргизели деп турабыз. Анткени аймактарда көп адистер жетишпейт.
Таалайбек Абдылдаев: аллергия оорусу — тамак–ашыбызда ар кандай кошулмалардан, аба ырайынын бузулушунан жана балдардын оюнчуктары, кир жуучу каражаттар өңдүү синтетикалык түрдүү заттар көп колдонулуп жаткандыктан болууда
— Организмде токсиндер көбөйүп кеткенден улам аллергия пайда болот деген божомол чындыкка канчалык жакын?
— Чындыгы бар. Мисалы, автоунаанын түтүнү оор металлдарды чыгарат. Ал заттар кишинин организмине дем алуу органдары аркылуу кирсе, кайра сыртка чыкпайт. Биздин айыл чарба азыктары экологиялык жактан таза. Сырттан көп тамак-аш азыктары келип жатат. Мисалы, бройлер тоогунун бутунда, көбүнесе төшүндө оор металл болот. Сырттан келген балыктарда да ушундай болушу мүмкүн.
Согуш убагында Ленинградга тамак-аш кирбей калган эмеспи. Ошол кезде ал шаарда аллергия оорусу жок болуп кеткендиги байкалган. Мындан улам иммунитет түшүп кеткенде адам аллергия болбой калышы мүмкүндүгү айтылат. Аллергиялык реакциялар туура эмес жол менен чыгат. Адам аллергия болуп жаткан маалда анын сүйлөгөнү урушкандай сезилет. Аллергия кайсы органдан реакция берип жатса ошол жакка терс таасирин берет. Эгер өпкөдө реакция болсо, астманы чакырат. Мурунда жана көз жакта аллергия болсо, анда аллергиялык ринит же аллергиялык коньюктивит болот. Мындан тышкары, синтетика, Кытайдан келген айрым товарлардан улам теринин аллергиялык дерматит оорусу менен кайрылгандар бар. Акыркы кезде дары-дармекке аллергия болгондор көбөйүп жатат. Эл да аллергия башталганда эле убагында дарыланбайт. Анткени катуу оорутпайт.
— Дары деп калдыңыз. Дарыканада, тармактык маркетингде аллергияга каршы дары-дармектерди, БАКтарды сунуштап, сатып жатышат. Бул дарылардын эффективдүүлүгүнө кандай баа бересиз?
— Бул чоң маселе. Өнүккөн өлкөлөрдө дарыларды врачтын рецеби менен гана берет. 2007-2008-жылдары өнүккөн сегиз мамлекеттин саламаттык сактоо министрлери биригип, антибиотиктер организмге таасир бербей калганы үчүн иммундук дарыларды чыгарууга 2-3 миллиард доллар бөлүшкөн. Бизде дарыгердин көрсөтмөсү жок эле антибиотиктерди, дарыларды сата беришет. Ушундай дарыларды башаламан иче бергенден улам организм аны тоготпой баштайт. Кийин толук дарылануу курсунан да өтпөй коймоюбуз бар. Врачка кайрылып, ал көрсөткөн гана дарыларды алсак жакшы болот эле.
Таалайбек Абдылдаев: адамда кайсы бир оорунун өнөкөт очогу болсо, ал жалган аллергияны болтурушу мүмкүн. Совет мезгилинде тамак-аш саткан дүкөндөрдү, бала бакча, мектептерди, базарларды текшерип, жылда медициналык кароодон өткөрүп, тыкыр көзөмөлгө алып турган
— Аллергиянын түрлөрүнө кайрылып кетсеңиз. Мезгилдик, адат анан жалган аллергия болуп да бөлүнөт экен?
— Ооба, жалган аллергия да болот. Адамда кайсы бир оорунун өнөкөт очогу болсо, ал жалган аллергияны болтурушу мүмкүн. Совет мезгилинде тамак-аш саткан дүкөндөрдү, бала бакча, мектептерди, базарларды текшерип, жылда медициналык кароодон өткөрүп, тыкыр көзөмөлгө алып турган. Мен өмүр бою Бишкекте жашап келем, 1990-жылга чейин көчөдө тамак-аш, нан саткан нерсе жок болчу. Сыртта сатылган тамакка автоунаалардан жана көчөдөн ар кандай чаңдар аралашат. Андан ар түрдүү курттар пайда болот. Акыркы кезде эхинококкоз көбөйүп кетти, элдин санитардык маданияты өтө төмөн. Кайнатылбаган сууну ичкенде ичеги-карын инфекциясы жана паразиттер көбөйөт. Ушундан улам да аллергиялык реакциялар пайда болууда. Аллергиясы барлар тез жардамдын номерин жанында алып жүрүүсү керек. Чет мамлекетке караганда бизде аллергия азыраак болгону менен бронхиалдык астмадан улам майып болуп калгандар же көз жумгандардын саны көбүрөөк. Кант диабети боюнча деле ушул көрсөткүч. Убак-убагы менен дарыгерге көрүнгөндү билбейбиз.
— Жакшынакай жүрүп эле аллергик болуп калгандарын айтышат. Ушундай болушу мүмкүнбү?
— Аллергияга окшош реакциялар болушу ыктымал. Кадимки аллергия төрөлгөндөн баштап акырындан көбөйөт. Кичинесинде кандайдыр бир кошумча тамактарга аллергия болуп диатез болсо, убакыт өтүп атопиялык дерматит, аллергиялык ринит болуп андан кийин астмага айланып кетет. Башкача айтканда, бул этап-этабы менен жүрөт. Ал эми туруп-туруп эле аллергия болуп калгандар өнөкөт инфекциясы барлар болушу мүмкүн. Жалган аллергия спирт ичимдиктери, ашказан оорулары же ашказандагы курттан улам пайда болот.
Таалайбек Абдылдаев: аллергиясы барлар тез жардамдын номерин жанында алып жүрүүсү керек. Чет мамлекетке караганда бизде аллергия азыраак болгону менен бронхиалдык астмадан улам майып болуп калгандар же көз жумгандардын саны көбүрөөк
— Аллергия менен ооругандар эмнелерди эске алып жүрүүсү керек?
— Чөп бүрдөгөн учурда эс алууга чыгып, жер которуп жана алдын ала дарылануусу кажет. Азыр аллергия менен жабыркагандардын көбү эмнеге аллергиясы бар экенин билбейт. Мисалы, пенициллинге аллергиясы барлар нымдуу жерге барганда чүчкүрүп-бышкырат. Аларга ачыткы кошулган тамак жегенге болбойт. Алгач эмнеге аллергия бар экенин билип алуу керек. Бирок ага чейин аллерголог менен бирге атайын каттоого туруп иштеши зарыл. Кайсы заттарга аллергия болорун байкап, ага карата алдын ала чара көрөбүз. Кийизге аллергиясы барлар аны бир суткага күнгө какшыта жайса, аллергияны чакыруучу чаңдар азаят. Ит менен мышыкты үй ичинде баккандар аларды өзүнчө бөлмөдө кармап, дарылап, жуунтуп туруу керек. Аллергиктер балдар самындарын же чайыр шампунь, самындарды колдонгону туура. Тамак-ашта таттууну азыраак колдонуп, табигый азыктарды жеши керек. Аллергиктерге синтетика кийим кийүүгө болбойт, жалаң пахтадан кийим кийгенге аракет кылганы оң.
— Аллергиясы барлар оору кармаган учурда дарыланат да, ал өтүп кеткенден кийин токтотуп коюшат. Толук дарыланбаса кесепети кандай болот?
— Андай учурда сөз жок оору күчөшү мүмкүн. Аллергиялык ринит (мурун менен көздөн) кулакты, мээни да сезгентет. Ал эми дары-дармекке аллергиясы барлар оор түрдөгү анафилактикалык шок, Лайелл синдрому жана Стивенс-Жонсон синдрому менен жабыркап калышы мүмкүн. Ата-энеси да баланын кайсы дарыга аллергиясы бар экенин так билиши керек.
Таалайбек Абдылдаев: аллергиялык ринит (мурун менен көздөн) кулакты, мээни да сезгентет. Ал эми дары-дармекке аллергиясы барлар оор түрдөгү анафилактикалык шок, Лайелл синдрому жана Стивенс-Жонсон синдрому менен жабыркап калышы мүмкүн
— Аллергиктер коронавирус болуп калса эмне кылуу керек?
— Мисалы, бронхиалдык астмасы барлар дарыланып жатса аны уланта бериши керек. Аллергологдон кеңеш алып, дарыгердин жолдомосу менен иммунологиялык текшерүүдөн өтүүсү зарыл. Алдын алуу иштерин жасагыла. Тоолуу аймактарга жана Ысык-Көлгө барып иммунитетти көтөрүү керек. Өзүн-өзү жакшы караса сезгенүү болбойт.
— Жакшы дарыланып аллергияны жеңсе болобу же муну менен өмүр бою алпурушабы?
— Дары-дармекке аллергиясы барлардыкы өзгөрбөйт. Ал эми чөптөн аллергия болгондор атайын үч жолку дарылануу курсунан өтсө, 100 кишиден жетимиши сакайып кетет. Мындан тышкары, тамак-ашка аллергиясы барлар да айыгышы мүмкүн.