Президент Байден салтанатта министр менен Пентагондун атын эстей албай койду. Видео

Бул америкалык президенттин эл алдында жаңылган биринчи жолку учуру эмес. 2020-жылдын декабрында, өзүнүн инаугурациясына чейин, өлкөнүн вице-президенти Камал Харисти АКШ лидери деп атаган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден салтанатта сүйлөп жатып, өлкөнүн коргоо министри Ллойд Остиндин ысымын эстей албай койду. Бул туурасында The Sun маалымат булагына таянып, РИА Новости жазды.
Ал Америка армиясынын катарында кызмат кылган аскер аялдарга арналган салтанатта сүйлөп жатканда Пентагондун жетекчиси ага жакын жерде турган.
"Мен мурдагы генералга ыраазычылык билдирем. Мен аны генерал деп атайм, бирок менин... тээтиги жерде турган жигит, ушул аскердик мекемени жетектейт", — деген Байден министр Остин тууралуу.
Ошол эле учурда, буга чейин президент телесуфлердон окуп жатып коргоо министрин "Катчы Остин" деп атаган.
Тарыхта биринчи ирет… Байден өз командасына трансгендерди алмай болду
Байден, ошондой эле, Пентагондун аталышын да унутуп калган. Ал сүйлөп жатып Коргоо министрлигинин штаб-квартирасын "ушул балдар" деп айтып алган.
Бул америкалык президенттин эл алдында жаңылган биринчи жолку учуру эмес. 2020-жылдын декабрында, өзүнүн инаугурациясына чейин, өлкөнүн вице-президенти Камал Харисти "АКШ лидери" деп атаган.