Замирбек Надырбеков Коопсуздук кеңеш катчысынын орун басары болуп дайындалды

Аталган кызмат орунду буга чейин Кылычбек Абышев аркалап келген. Жаңы жетекчини дайындоо боюнча буйрукка президент кол койгону айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Замирбек Надырбеков Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Надырбековду аталган кызматка дайындоо боюнча буйрукка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон.
Аталган кызмат орунду буга чейин Кылычбек Абышев аркалап келгени маалым.