Бөйрөктү акысыз текшертип алыңыз. ММКФ кыргызстандыктарга кеңеш берди

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан оорунун алдын алуу максатында бекер анализ тапшыруу үчүн кандай шарттар сакталышы керектигин айтып беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) кыргызстандык ар бир жаран бөйрөктүн оорусун алдын алуу үчүн дарыгердин кароосунан бекер өтө аларын билдирди.
Фонддун маалымат кызматынан мындай мүмкүнчүлүк Үй-бүлөлүк медицина борбору менен Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттарында бар экендигин айтышты.
Төмөнкү шарттарды сактоо зарыл:
Бөйрөктүн оорусу көп жылдар бою байкалбай жүрө бергендиктен медициналык текшерүүдөн дайыма өтүп туруу маанилүү. Андан сырткары, туура тамактануу, сергек жашоо образы оорудан алыс болууга жардамчы болот.
ММКФ ооруп калуу тобокелдигин азайткан эрежелерди эске салды:
9-мартта Бөйрөк оорусу менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү белгиленди.