Пресс-борбор

Бир күндө төрт сурак... Кыргызстандык ишкерлердин көйгөйлөрүн айтып беришти

Аткаруучу директордун айтымына караганда, бизнесмендерге өзүнүн иши менен алек болгондун ордуна, сурактарда жүрүүгө туура келип жатат. Ишкерлерди коргоо боюнча Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекске түзөтүү киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Ишкерлердин бир күндө бир эмес төрт ирет суракка барууга аргасыз учурлары болууда. Бул туурасында Ишкерлердин эл аралык кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда "Премьер Мариповдун пландары — азык-түлүк баалары, бизнести коргоо жана вакцина" деген аталышта өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымына караганда, акыркы айларда чакан, орто жана ири ишкерлерден түшкөн даттануулар көбөйдү.
"Бизнести болушунча коопсуз кылуу зарыл, алар сурактарда жүрбөй, өзүнүн иши менен алектениши керек. Бизге бир күндө төрттөн суракка барганын айтып, ишкерлер даттанып жатышат. Албетте, мындай болбошу керек эле", — деди Сыдыков.
Ал өкмөттүн планындагы 50 иш-чаранын ичинен 12си бизнес үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатын көздөөрүн билдирди. Сыдыковдун айтымында, бул ишкерлерди колдоону максат кылган жалгыз багыт эмес.
Новиков: Кытайдан ишкерлердин 47 вагон товары алып келинди. Видео
"Биз өкмөт менен биргеликте Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекске түзөтүү киргизген долбоор иштеп чыктык. Маселен, азыр атаандаштан түшкөн ар бир арыз Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталат да, андан соң тергөө иштери ар тараптуу башталат. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн бири КЖБРга каттоо мөөнөтүн узартуу болууда. Анда, маселен, жарандык-укуктук талаш болсо же маалыматтар документ менен тастыкталбаса ишти каттабай эле коюу туурасындагы негиздеме каралууда", — деп маалымдады Сыдыков.
Дагы сунуш Кыргызстандагы баш коргоо чарасы боюнча айтылды.
"Орой айтканда, төрт учурдун үчөөндө баш коргоо чарасын өзгөртүү катары камакка алуу каралат. Ал эми мыйзам өзгөчө: же адамдын ким экендиги такталбайт, же мурда каралган баш коргоо чарасы бузулат. Бизде жалпы алганда, анын 74 пайызында прокуратура же тергөө органдары камакка алуу боюнча сунуштама берет", — деди аткаруучу директор.
Сыдыков айтылып жаткан сунуштарда козголгон иш боюнча маалыматты ачыктоо тартиби алмашып жатканын маалымдады.
"Биз ишкерге кылмыш иш козголгонун көп угабыз. Балким, шектенүү негизсиз болуп калат, бирок репутациясы бузулат. Жаманатты болгондон кийин аны жууп кетирүү кыйын. Маалыматтар көп учурда фондулук биржага жетип калат. Мындан улам маалыматты ачыктоо тартибин өзгөртүү сунушталып жатат. Аны менен катар эле сунушталып жаткан түзөтүүлөр банктык сырды ачууга да тиешелүү. Банктын баш тартууга мүмкүнчүгү болушу керек", — деп белгиледи ал.
Кыргызстанда мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды
Сыдыковдун айтымына караганда, Экономикалык реформалар боюнча кеңештин алкагында жумушчу топтор жети багыт менен иштейт. Алар — Салык кодексин реформалоо, лицензия-уруксат берүү системалары, жер тилкелерин жана Жергиликтүү өзүн-өзүн башкаруу органдарын трансформациялоо, энергетикалык кубаттуулукка жетүү, сот жана тартип коргоо органдарын реформалоо.
Ал өкмөттүн орто мөөнөттөгү планына бизнести колдоо боюнча масштабдуу чаралар киргендигин, анын ичинде социалдык которуулардын коюмун азайтуу, КНСти кайра кайтарууну калыбына келтирүү системасын реформалоо бардыгын айтты. Сыдыков акыркы пункттан экспортчулар, жеңилдик алган чакан бизнестер жана өзү иштеп жаткандар жабыр тартып келерин баса белгиледи.
Эске салсак, февралда өкмөт алгачкы 100 күнгө карата биринчи иретте жасала турган иштердин планын түзгөн. Документте 50 иш-чара каралып, өзүнчө блокторго бөлүнгөн. Алар калк жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, коомчулуктун актуалдуу деген маселелерине реакция жасоо, бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу жана кечиктирилгис иштер деп белгиленген.