Кусеин Карасаев — өмүр баяны

Кусеин Карасаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кара-Секи (азыркы Токтоян) айылында 1901-жылы 5-январда туулган.
Sputnik
Билими:
Карасаев кичинесинен чоң ата, чоң энесинин колунда өсүп, кийин өз атасы менен энесинин колуна келген. Жакындары аны он жашында молдого берип, 1914-жылы Караколдогу тузем мектебинде окуган. Эки жылдан кийин Кытайга качып, калмактын балдары менен кой кайтарып курсагын тойгузуп жүрүп, калмакчаны үйрөнүп алган. Бөтөн жерде беш жылдай күн көрүп, уйгур, татар тилдерин үйрөнүп, кичине кытайча сүйлөп калган.
Ал Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтунан билим алып, казак тилин да өздөштүргөн.
Ленинград шаарындагы Чыгыш институтуна тапшырып, ал жактан бурят, монгол, араб, фарс, немец тилдерин үйрөнүп, кыргыз тилинен да сабак берген.
Эмгек жолу
Карасаев Кытайдан кичи мекенине 20 жашында кайтып келген. Келери менен айылдык кеңеште катчы, революциялык комитеттин башчысы болуп иштеген. Ал "Эркин-Тоо" гезитинин чыгаруу тобунда жигердүү иштеп, макалалардын орфографиясын текшерген. Редакция Пишпек шаарына көчүп кеткенде студент жигит атайын кабарчы болуп окуусун улантып, ал жактагы кыргыз балдар, кыздарга сабак берген. Ошондой эле Бүткүл союздук коммунисттик партиянын борбордук комитетинин Орто Азия бюросунда котормочулар жана рецензенттер тобунун мүчөсү болууга жетишкен.
Караңгы элге каапыр да молдо боло алат. Тилчи Кусеин Карасаевдин кеп казынасы
Карасаев замандашы Касым Тыныстанов менен жаңы алфавитке өтүү аракетин көрүп "Сабат ачкыч" деген китепчесин чыгарып, мугалимдерге курстады уюштуруп, аларга латын тамгасын үйрөткөн. Ал эми Ишеналы Арабаев экөө чоңдор үчүн "Жаңылык" деген алиппе окуу китебин жазган. Ал эмгек кыргыз элинин 65 пайызынын кат-сабатын жойгон.
Фрунзедеги Тил жана адабият институтуна кирип, ал жылдары адабият жыйноо боюнча инструкция жазып, элден сураштырып жүрүп Ысык-Көлдөн айтылуу манасчы Саякбай Каралаевди таап, борбор калаага алып келген. Андан соң окумуштуу, илимпоздор менен тааныштырып, аларды манасчынын сынынан өткөргөн жайы бар.
Тоголок Молдону Нарындан чакыртып келип чыгармаларын академиянын фондуна алдырган.
1931 — Кыргыз маданий курулуш илимий институтунда улук илимий кызматкер, эки жылдай Жалал-Абад педагогикалык техникумунда мугалим болуп эмгектенген. 1933-жылы "Туран" партиясынын мүчөсү деген жалаа менен камалып, үч айдан кийин боштондукка чыккан. Бирок үч жылдай куугунтукталып 1936-жылы гана орус-кыргыз сөздүгүн даярдоо үчүн Москвага чакыртылат. Бир жылдан соң ал иштер кайра токтоп калып, бөтөн жерде ишсиз калган.
1938 — кайра сөздүк түзүү иши уланып, СССР эл комиссарлар советинин "Бюллетенинин" редактору болуп иштеген. Согуш башталганга чейин Карасаев менен Константин Юдахин Москвада орус-кыргыз сөздүгүнүн үстүнөн күнү-түнү иштеп, бир топ бөлүгүн бүтүп калышкан. Германия Советтер Союзуна кол салганда Карасаев Аскер комиссариатына барат, бирок аны фронтко албай коюшкан.
Далай ажалдан калган тилчи. Окумуштуу Кусеин Карасаев тууралуу 9 факты
1944 — "Кыргызча-орусча сөздүгү" жарыкка чыгып, Карасаевге мамлекет тарабынан сыйлык берилип, ошол эле жылы кандидаттык диссертациясын Алматыда жактайт. Кийинки жылдары жогорку окуу жайларда сабак өтүп, шакирттерди тарбиялап өзүн билим берүүгө арнаган. Ошол учурда изилдөөчү окуу куралдарын жазып, окуучулар үчүн морфологиялык, орфографиялык сөздүктөрдү жарыкка чыгарган. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин түрдүү сыйлык, наамдарына татыган. 1950-жылы эл душманы делип партиядан чыгарылып, жумуштан айдалган.
Эмгектери:
Биринчи даражадагы "Манас" орденинин кавалери 30 томдон ашык илимий эмгектердин, 20 басма табактай макалалардын автору. Анын 60 миң сөздү өзүнө камтыган "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү", "Орусча-кыргызча", "Кыргызча-орусча" сөздүгү, "Накыл сөздөр", "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү", "Камус наама" аттуу китептери эл арасында "Карасай сөздүк" деп аталып келет. Мисалы, "Камус наамага" араб, фарс, монгол, калмак, кытай, дунган, уйгур, орус тилдеринен кыргыз тилине кошулган 5000ден ашык сөздүн, терминдин, жер-суу жана адам аттарын, макал-лакаптарды чечмелегенин жазган. Ошондой эле Максим Горькийдин "В людях", "Жизнь ненужного человека", Александр Радищевдин "Петербургдан Москвага саякат", Джонни Родаринин "Чипполино", Леон Кручковскийдин, Рабиндранат Тагордун чыгармаларын, кытай эл жомокторун которгон.
Наамдары:
Тилчи, лексиколог, лексикограф Карасаев филология илимдеринин кандидаты, профессор, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, I даражадагы "Манас" орденинин кавалери, Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси, Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.
Тилчи 16 түрк тилинде жана араб, фарс, немисче эркин сүйлөгөн. 29 жашында кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү Айша Карасаевага (Түмөнбаева) үйлөнүп, жашоодогу оор күндөрдү бирге басып өтүшкөн. Жубайлар үч кызды татыктуу тарбиялап чоңойткон. Улуусу Людмила чейрек кылымдан ашык физикадан сабак берип иштесе, Галина химия илимдеринин кандидаты болгонго жетишкен. Ал эми кичүү кызы Алтынай медицина илимдеринин доктору, эл аралык деңгээлдеги окумуштуу.
Залкар инсан өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин илим, чыгармачылык менен алектенип жүрүп 97 жашында көз жумуп, сөөгү Каракол шаарына коюлган.