Радио

Касиев: соңку 10 жылда өлкөдө кадр маселеси өтө начар абалга кептелди

Саясий ишмер, медицина илимдеринин доктору, профессор Накен Касиев республикада мамлекеттик кызматка кадр даярдоо, таптоо иштери көйгөйлүү чекке келип жетти деген пикирин билдирди.
Sputnik
Соңку 10 жылда Кыргызстанда мамлекеттик, өзгөчө, саясий кызматта кадр маселесинде чоң көйгөй жаралды. Алар белгилүү бир даярдыктан өтпөй, тажрыйба топтобой эле башкаруучулук кызматка келе башташты. Бул мамлекет үчүн коркунуч жарата турган иш. Мындай ою менен Накен Касиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып бөлүштү.
Анын айтымында, акимдерди аттестациядан өткөрүү туура чечим.
"Акыркы 10 жылда өлкөдө кадр маселеси чоң кризиске кептелди. Себеби алар белгилүү бир таптоо, даярдоо иштеринен өтпөй эле башаламан кызматка келип башташты. Бул жагынан алганда биз Россиядан сабак алсак болмок. Абдан чоң мамлекет экенине карабай саясий, жетекчилик кызматтарга тапталган, күчтүү, тажрыйбалуу адамдарды алып келип жатышат. Кыргызстан бул жагынан алганда кичинекей эле өлкө, абалды бат эле жолго салса болот. Андыктан азыр колго алынып жаткан район администрация жетекчилерин аттестациядан өткөрүү аракеттерин туура деп эсептейм. Керек болсо айыл өкмөттөрүн, алардын орун басар, катчыларын да аттестациядан өткөрүү зарыл", — деди Касиев.
Саясатчы өсүп келе жаткан үчүнчү муунга рынок жашоосуна төп келген кадр саясатын даярдап берүү тапшырмасы турганын кошумчалады.