Чимкирик болуудан тажаган жоксуңарбы? Строкова депутаттарга кайрылды

Эл өкүлүнүн айтымында, кээ бир депутаттар жаңы Баш мыйзамдын долбооруна каршы болгону менен бир нерседен коркуп, айласыздан макулдугун берүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Парламенттин жыйынында депутат Евгения Строкова кесиптештерине "Чимкирик болуудан тажаган жоксуңарбы?"  деп суроо салды.
Анын айтымында, чынында эле 2010-жылкы Конституцияда кемчиликтер бар, бирок анын жакшы жактарынын баарын алып салуу туура эмес.
"Садыр Нургожоевич алыстан туруп демилге көтөргөндөй болду, бирок акыр аягында Жогорку Кеңеш күнөөлүү болуп жатат. Баарыңыздар чимкирик болуудан тажаган жоксуздарбы? Караңыздарчы, бийлик ушунчалык узурпацияланган. Президент үй комитетинин башчысынан башкасынын баарын дайындайт экен. Депутаттар, сиздер дагы бул өзгөрүүгө макул эмессиздер, бирок бир нерседен коркуп эле колдоп жатасыздар. Келгиле, өлкөнү, Садыр Жапаровдун өзүн аңга түртпөйлүчү", — деп кайрылды Строкова.
Белгилей кетсек, бүгүн жаңы Конституциянын долбоорун элге алып чыгуу үчүн референдум дайындоо боюнча мыйзам экинчи окууда каралды.