Сыдыманга күнөө тагылбайт. Прокуратура баш тартты

Прокуратурадан соттук процесс учурунда буга чейин күнөөлөнүп жаткан блогердин айткандары боюнча экспертиза жүргүзүлгөнү жана андан кылмыштын белгилери табылбагандыгын билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Мамлекеттик айыптоо тараптардын жарыш сөзү учурунда блогер Элмир Сыдымановго (Сыдыман) күнөө тагуудан баш тартты. Бул туурасында көзөмөл органынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Апкаарып калбаңыз! Суракка чакырылган адам эмнелерди билиши керек
Башкы прокуратурадан соттук процесстер учурунда анын жактоочусу мурдараак соттук-лингвистикалык экспертиза комиссиясын дайындоо боюнча сунуштама бергендигин айтышты.
Мамлекеттик айыптоочу бул сунуштаманы колдогон.
"Чыккан бүтүмдө Сыдымановдун сүйлөгөндөрүндө аймак аралык кастыкты козутуучу сөздөр жана зордукчулукка жасалган чакырыктардын белгиси табылбагандыгы белгиленген", — деп айтышты Башкы прокуратурадан.
Мамлекеттик айыптоочунун сунуштамасы боюнча суракка чакырылган эксперт-лингвист Абдыкожоев жогорудагы бүтүмдө айтылгандарды тастыктаган.
10-мартта прокуратура тараптардын жарыш сөз учурунда аны күнөөлөөдөн баш тарткан. Эми айыпталуучуга акыркы сөз берилет да, сот өзүнүн чечимин чыгарат.