Эскертүү! Бишкекте бир саат аралыгында жана кечинде катуу шамал болот

Чукул кырдаал учурунда 112 куткаруу кызматына, мэриянын 1840 жана 1850 Call-борборуна чалууга, сүрөт, видеолорду 0554 -182-185 номерине жиберүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкекте жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде катуу шамал болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Калаа мэриясы унааларды жеңил типтеги объектилердин жана бактардын жанына токтотпоого чакырат.
Чукул кырдаал учурунда 112 куткаруу кызматына, мэриянын 1840 жана 1850 Сall-борборуна чалууга, сүрөт, видеолорду 0554 -182-185 номерине жиберүүгө болот.