Бишкектеги Исакеев көчөсүнүн бир бөлүгү унаалар үчүн жабылды

"Бишкек асфальт сервис" ишканасы 2021-жылдагы планга ылайык, жаздын алгачкы күнүнөн тарта шаар жолдорун тартипке келтирүү иштерин баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкектеги Исакеев көчөсүнүн Ауэзов жана Валихановго чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Буга байланыштуу аталган көчөдө унаалар үчүн жол кыймылы чектелди. Планга ылайык, жумуш жай айында бүтөт.
"Бишкек асфальт сервис" ишканасы 2021-жылдагы планга ылайык, жаздын алгачкы күнүнөн тарта шаар жолдорун тартипке келтире баштаганы белгиленди.
Жакынкы айда төмөнкү көчөлөрдө оңдоо, жол куруу иштери жүргүзүлөт:
Бул жети көчөнү оңдоо үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп жатат.
Эскерте кетсек, быйыл "Бишкек асфальт сервис" ишканасы шаардагы 27 көчөдө, жалпы узундугу 16,5 чакырым жолдо капиталдык оңдоо иштерин жасайт. Мындан сырткары, 2020-жылы башталып бүтпөй калган тогуз көчөдөгү узундугу 2.743 чакырым жолду оңдоо иштери бүткөрүлөт.